Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: Россия Украина боюнча сүйлөшүү тобун түптөөгө камынууда

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Москва Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү тобун түзүүгө даярдыгын баштады. Бул туурасында РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Албетте, башталды. Президент тиешелүү чечимин кабыл алары менен силерге кабарлайбыз", — деген ал журналисттерге.
Анткен менен америкалык өкүлдөрдүн Россияга сапары боюнча конкреттүү келишимдер боло электигин кошумчалады. Песков Кремль Путин менен Трамптын жолугушуусун ыкчам уюштуруу зарылдыгын көрүп жаткандыгын, бирок бул боюнча сөз жаңыдан гана жүрө баштагандыктан, анын качан болорун айтуу мүмкүн эместигин билдирди.
Ал арада президенттер бул багытта тиешелүү иштерди токтоосуз баштоого жардамчыларына тапшырма бергенин белгиледи.
"Эми иш, албетте, тез башталат. Тигил же бул учурлары иштелип чыгат, балким, анда качан жана кайда болору да айтылат", — деген Песков.
Эскерте кетсек, буга чейин Трамп Путин менен сүйлөшкөнүн билдирген. Лидерлер 1,5 сааттай баарлашканы, Жакынкы Чыгыш жана Украина баштаган маанилүү маселелер талкууланганы кечээ белгилүү болду.
АКШ жетекчиси мындан башка да көйгөйлөргө токтолушканын журналисттер менен маектешип жатып айткан. Эки президент Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, Ирандын өзөктүк программасын, Россия менен АКШнын жарандарын алмашууну, экономика тармагындагы россия-америка мамилелерин, мындан аркы байланыштарды талкуулаган.
Путин америкалык аткаминерлерди Россияда, анын ичинде Украина темасы боюнча да кабыл алууга даяр экенин билдирген. Ал эми Трамп америка тарап бардык келишимдерди аткарарын айткан. Ал кесиптеши Путин менен сүйлөшүү өтө жемиштүү болду деп билдирген.
Путинди АКШга чакыруу, Украинада шайлоо өткөрүү. Трамптын маанилүү билдирүүсү