Путинди АКШга чакыруу, Украинада шайлоо өткөрүү. Трамптын маанилүү билдирүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путиндин АКШга келишин күтөт. Бул тууралуу ал журналисттер менен сүйлөшүп жатып айтканын РИА Новости кабарлады.
Эскерте кетсек, буга чейин Трамп Путин менен сүйлөшкөнүн билдирген. Лидерлер 1,5 сааттай баарлашканы, Жакынкы Чыгыш жана Украина баштаган маанилүү маселелер талкууланганы кечээ белгилүү болду. АКШ жетекчиси мындан башка да көйгөйлөргө токтолушканын журналисттер менен маектешип жатып айткан.
"Президент Путин менен негизинен телефон аркылуу байланышып турабыз, бирок акыры көзмө-көз жолугушубуз керек. Ал бул жакка келет, мен тиги жакка барам. Менимче, биринчи жолугушуубуз Сауд Арабиясында өтөт", — деген Трамп.
Өлкө башчы Украинага барам деп убада бербегенин белгиледи.
Мындан тышкары, Трамп Украинадан буга чейин бөлүнгөн акчанын кайтарылышын кепилдеген документти күтүп жатканын белгилеген. Эскерте кетсек, ал буга чейин Киевдин сейрек кездешүүчү металлдарына кызыгуусун билдирген болчу.
Муну менен катар Трамп Украинада шайлоо өтүшү керектигине токтолгон. Ал россиялык кесиптеши Владимир Путинден Украинадагы кырдаалды туруктуу негизде жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу сөзүн укканын, мындан улам шайлоо өтүшү керектигин айтты.
Ошону менен бирге Трамп Украинанын 2014-жылдагы чек арасына кайтышы күмөн экенин белгиледи.
"Алар (Россия — ред.) көп аймакты ээлешти, жер үчүн кан төгүштү, канча деген жоокеринен ажырады. Менимче, ал чектерге кайтуу эми мүмкүн эмес", — деди АКШ президенти.
Трамп өз сөзүндө Украинадагы жаңжал жакынкы келечекте соңуна чыгат деген ишенимин билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагондон Украинадагы согуш оор учуруна жеткенин айтышты