Ошто дагы бир окуучу ур-токмоктон каза болгону кабарланды

Жигит башка адамды колу менен уруп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кара-Суу районундагы 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-февралда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Каратай айылындагы мектептин алдында 9-классынын окуучусу жыгылып, каза болгону кабарланган.
"Териштирүү учурунда №39 орто мектебинин окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетип, натыйжада 9-класстын окуучусу ур-токмоко кабылып, эсин жоготуп кулап калгандыгы маалым болгон", — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш иши козголуп, шектүү катары 18 жаштагы Р.Н. аттуу өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бул — жыл башынан бери окуучунун ур-токмоктон каза болгон үчүнчү учуру. Буга чейин №72 мектептин 8-класстагы окуучусунун көз жумганы боюнча иш козголгон. Аны жогорку класстагылар уруп койгону айтылган. Андан мурдараак Кантта окуучулар мушташа кетип, 16 жаштагы өспүрүм каза болгону маалымдалган.
Бишкекте ММА боюнча эл аралык турнир. Архив
Ташиев эрежесиз мушташ, жаңы жылдык салют жана корпоративдерди токтотууга чакырды