БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Чүй облусунда халифат орнотууга чакыргандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн социалдык тармактарга жайгаштырган видеокайрылуусунда экстремисттик көз караш камтылганын экспертиза аныктаган. Ошондой эле кадрдагылар өлкөдө тыюу салынган "Йакын Инкар" уюмунун мүчөлөрү экени белгилүү болгон.
"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө экстремисттик материалдарды даярдоого жана таратууга тиешеси бар 54, 47 жана 42 жаштагы эки жаран аныкталган. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, иш боюнча далилдер алынды", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилгени кошумчаланды.