БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кара-Суу районунда окуучунун өлүмү боюнча бир катар жооптуу адамдар иштен алынды. Бул тууралуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы чукул жыйын өткөргөн.
Иштен бошотулган кызматкерлер:
райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акбермет Толтоева;
№39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин директору Нурланбек Калмурзаев;
окутуу, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Улпатхан Жунусалиева;
окуу-тарбия иштери боюнча класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Гүлсүнай Кулболдиева;
социалдык педагог Анаркан Шайымкулова;
шектүү окуган 11-класстын класс жетекчиси Жыпар Жакыпова;
маркум окуган 9-класстын класс жетекчиси Нуржан Баитова.
Ошондой эле акимдин орун басары Айжан Куланова жана райондук администрациянын социалдык жактан өнүктүрүү жана камсыздоо секторунун адиси Азамат Жеңиш уулуна сөгүш жарыяланганы кошумчаланды.
Эске салсак, кечээ, 12-февралда, Кара-Суу районунун Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте окуучулар уруша кетип, натыйжада 9-класстын окуучусу каза болуп калганы, ал эми 11-класстын окуучусу кылмышка шектелип кармалганы кабарланган.