ЖМК: Израиль Ирандын өзөктүк объектилерине чабуул коюшу мүмкүндүгүн АКШ эскертти

Тегерандын борборундагы унаалардын кыймылы. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. АКШнын Чалгын кызматы Израиль 2025-жылы Ирандын өзөктүк объектилерине чабуул коюшу мүмкүн деп эскерткендигин Wall Street Journal америкалык аткаминерлерге таянып жазды.
Маалымат булактардын айтып бергенине караганда, Жозеф Байдендин администрациясы иши соңуна чыгып бараткан күндөрү Чалгын кызматы Израиль Ирандын "талуу жерин таап", өзөктүк объектилерине чабуул коюшу ыктымалдыгы жазылган отчетту тараткан.
Чабуул боюнча маалыматы барлар Тель-Авив Байденге караганда Трампты мындай аракеттерге жакыныраак деп эсептеп, азыркы президенттин администрациясын аталган кол салууну колдоого "түртөт" деп айтып беришкен. Андан сырткары, Израиль Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушун токтотчу жолдор түгөнүп баратат деп чочулап жаткандыгын кошумчалаган. Вашингтондук аткаминерлер бекем корголгон өзөктүк объектилерге чабуул жасоо үчүн Израилге АКШнын колдоосу жана ок-дарысы керектелерин белгилеген.
Трамп буга чейин Иранга каршы аскердик аракеттерди жүргүзгөндүн ордуна аны менен келишим түзүүгө даярдыгын айткан эле. Иранга туруктуулукта өнүгүп-өсүүгө мүмкүндүк берген "верификацияланган" өзөктүк тынчтык келишимин түзүүнү каалай турганын айтып, бул иштерди кечиктирбей баштоого чакырган.
Иран ТИМи Вашингтондун Тегеран өзөктүк куралды түзүүгө умтулары тууралуу билдирүүсү жалган деген маалымат тараткан.
Иран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүгө даярдыгын айтты