Пресс-борбор

Кыргызстанда ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Экономика министрлиги менен Финансы министрлигине чакан жана орто бизнести колдоо боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу тапшырылганын министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Первый замглавы кабмина Данияр Амангельдиев
Мында ишкерлер үчүн пайыздык ченди субсидиялоо тууралуу сөз болууда.
"Азыр банктарда пайыздык чен абдан жогору. Менимче, алар "Айыл чарбаны каржылоо" программасы аркылуу берилген жеңилдетилген насыядан 2-3 пайызга көбүрөөк болот. Чакан жана орто бизнесте маржа жогору болгондуктан, пайыздык чен айыл чарбадагыдан жогору болушу керек", — деди Амангелдиев.
Эскерте кетсек, былтыр "Айыл чарбаны каржылоо" программасы боюнча насыя 10 пайыздык үстөк менен берилген.
Пресс-борбор
Өкмөт быйыл мунайды кайра иштетүүчү "Жунда" заводун модернизациялайт