Учурда Бишкек шаарындагы 109 мектепте жүздү таануу функциясы бар камералар иштеп жатат. Калган мектептерде күзгө чейин орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Гузель Турдубаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, АТРдин алкагында борборго кошулган мектептер аталган системага кошула элек.
"Бишкек шаарында 120 муниципалдык мектеп бар. Буга чейин 109 мектепте жүздү таануу функциясы бар камералар орнотулган. Административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаага жаңы кошулган мектептерде бул система коюла элек. Буюрса, кийинки окуу жылы башталганча шаардагы бардык мектептерде орнотулуп, иштей баштайт. Долбоорду ИИМ сунуштаган, Бишкек мэриясынын бюджетинен каржыланды", — деди Турдубаева.
Ошондой эле ал өткөн жылдан тарта мектептерде коопсуздук чаралары күчөтүлүп, анын алкагында күзөтчүлөрдүн саны да көбөйгөнүн кошумчалады.