БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Фоторепортаждар — ЖМКлардын негизги продукцияларынын бири. Бул тууралуу "Россия сегодня" маалымат агенттигинин фоторедактору, фотожурналистика боюнча окутуучу Екатерина Волкова Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, ар бир фоторепортаж ким, эмне, качан деген суроолорго жооп берет.
"Россия сегодня" маалымат агенттигинин фоторедактору, фотожурналистика боюнча окутуучу Екатерина Волкова
© Sputnik / Самрат Карачев
"Сүрөттүн жардамы менен аудиторияга тигил же бул окуяны айтып берүү керек. Жакындан, алыстан тартылып, деталдуу пландар колдонулушу керек. Ошондой эле кадрга ашыкча нерселерди кошпогон дурус", — деди Волкова.
Бишкектеги жолугушуу Андрей Стенин атындагы фотожурналистика боюнча эл аралык сынакка эмгектерди кабыл алуу күндөрүнө туш келди.
Бул сынакты 2014-жылы 22-декабрда "Россия сегодня" эл аралык медиатобу уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын колдоосу менен негизделген. Сынак "Россия сегодня" медиатобунун атайын фотокабарчысы Андрей Стениндин элесине арналган. Ал 2014-жылы Украинанын түштүк-чыгышында курман болгон.
Бул – Россиядагы фотожурналистика жаатындагы жападан жалгыз эл аралык аянтча. Максаты — 18 жаштан 33 жашка чейинки фотожурналисттерди колдоп, алардын кесипкөйлүгүн арттыруу.
Конкурска 18ден 33 жашка чейинки жаш фотожурналисттер (орус тилинде) жана (англис тилинде) сайттары аркылуу 2025-жылдын 28-февралына чейин тапшыра алат.
2025-жылы конкурстун байге фонду ар бир номинацияда 1-орун үчүн 125 миң рубль, 2-орун үчүн 100 миң рубль, 3-орун үчүн 75 миң рублди түздү. Эң жогорку сыйлыгы — гран-при ээсине 700 миң рубль берилет.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи сентябрь-октябрь айларында Москвада өтөт.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттери менен бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.