Бишкекте окуучунун өлүмүнөн кийин №72 мектептин директору иштен алынды

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкекте окуучунун өлүмүнөн кийин №72 мектептин жетекчилиги кызматтан кетти. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин директору иштен алынып, орун басары менен класс жетекчиси иштен четтетилген.
Буга чейин №72 мектептин 8-классынын окуучусу каза болгон. Ал чоң класстын балдарынан токмок жегенин Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова билдирген.
Ошондой эле кылмыш иш козголгону кабарланган.
Оштогу мектепте окуучунун өлүмү боюнча бир катар жооптуу адамдар иштен алынды