Европа Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсү тууралуу билбей калганына таң калууда

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. АКШдан Европадагы маанилүү делген союздаштарына америкалык президент Дональд Трамптын Россия лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөшө тургандыгын алдын ала билдиришкен эмес. Бул туурасында РИА Новости Блумберг агенттигине шилтеме кылып жазды.
Кабарсыз калгандарын басылмага европалык эки аткаминер айтып берген.
Кечээ, 12-февралда, Трамп менен Путин бир жарым саатка чукул телефон аркылуу баарлашып, Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоо керектигин макулдашкан. АКШ лидери россиялык кесиптеши менен согушту токтотуу зарылдыгын талкуулап, ал эми бул диалог тууралуу Владимир Зеленскийге кечирээк билдирген.
"Европалык аткаминерлер маанилүү дипломатиялык кадам деп эсептелген Трамптын Путин менен сүйлөшүүсү туурасында негизги союздаштарына айтпаганына таң калып жатышат", — деп жазган агенттик.
Материалда Украинаны жактаган дагы бир аткаминер Трамптын бул ишин "саткынчылык" катары мүнөздөп, сүйлөшүү башталбай жатып АКШ маанилүү делген талаптар боюнча Россияга макул болуп жатат деп сындап да жиберген.
Эске салсак, буга чейин Трамп Путин менен сүйлөшкөнүн билдирген. Лидерлер 1,5 сааттай баарлашканы, Жакынкы Чыгыш жана Украина баштаган маанилүү маселелер талкууланганы кечээ белгилүү болду.
Путинди АКШга чакыруу, Украинада шайлоо өткөрүү. Трамптын маанилүү билдирүүсү