Токмок шарына бөлүнгөн 1 миллиард сом кайда коротулду? – Шаарларды өнүктүрүү боюнча президенттин демилгеси кандай ишке ашууда?

Sputnik
Бүгүнкү “Ачык кеп" программасынын алкагында Чүй өрөөнүндөгү Бишкектен кийинки эле ири шаар Токмок тууралуу кеп кылдык. Токмокто азыр орчундуу өзгөрүүлөр орун алып жатат. Мамлекет тарабынан ири колдоолорду алды. Тактап айтсак, шаарларды өнүктүрүү боюнча президенттин демилгесинин алкагында Токмок шаарын өнүктүрүү үчүн бир миллиард сом бөлүнгөн.
Бул программада аталган каражат кандай колдонулду, дегеле шаар тургундарына кандай шарттар түзүлгөнү тууралуу маек курдук. Биздин суроолорубузга Токмок шаарынын мэринин биринчи орун басары Азат Салмурбек уулу жооп берди.