Эмне себептен өлкөдөн мал-жандыкты экспорттоого чектөө кирди?

Sputnik
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдөн мал-жандыкты экспорттоого убактылуу чектөө киргенин билдирди. Бул чектөө 31-январдан тарта ишке кирген. Анын кайсы мөөнөткө чейин созулары кабарланган жок.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында чектөөнүн себеби жана дегеле мал экспорту тууралуу сөз кылдык. Биздин суроолорубузга Суу ресурсатары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматтын ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору Бексултан Нурбек уулу жооп берди.