Республика боюнча стоматологиялык балдар клиникалары кайра жанданышы керек — эмнеге тиш ооруларына көңүл буруу зарыл?

Sputnik
Кыргызстанда советтик мезгилде тиш ооруларына өзгөчө көңүл бурулуп, стоматологиялык балдар клиникаларынын саны көп болгон. Тилекке каршы, эгемендүүлүк жылдарынан кийин иши солгундаган. Учурда балдар эмканаларын кайрадан жандандыруу процесси башталууда. Өлкөдөгү мамлекеттик жана жеке стоматологиялык клиникалардын абалы, билим берүү, кадр маселеси, квалификацияны жогорулатуу, илимий изилдөө боюнча Санжарбек Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун профессору медицина илимдеринин доктору Абибилла Калбаев маек курду.