БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. "Жеңиш 9/45" мекенчил долбоорунун алкагында автожүрүштөр, фестиваль, жаштар үчүн тарыхый агартуучу иш-чаралар өтүп, ал Улуу Ата Мекендик согуштагы элдердин эрдигине болгон урмат-сыйды кайтарып келүү максатын көздөйт. Бул туурасында Мамдуманын вице-спикери Борис Чернышов "Жеңиш 9/45" мекенчил долбоору тууралуу айтып бергенин РИА Новости жазды.
Аталган долбоордун уюштуруу комитетинин жетекчиси Чернышов Батышка ыктап грант менен жашаган жана Брюссель, Вашингтондогу кожоюндарынын каалоосун аткарган саясатчылардын доору аяктап бара жатканын белгиледи.
9-майга байланышкан бул долбоорду "Евразия" автономиялык бейөкмөт уюму уюштурууда.
Чернышов иш-чарага башка мамлекеттер да чакырылганын, бардыгы үчүн эшик ачык экендигин айтты.
"Жеңиш 9/45" мекенчил долбооруна Кыргызстан да кошулат.
"Долбоордун максаты — элдердин эрдигине болгон урмат-сыйды кайтарып келүү. "Жеңиш 9/45" фестивалы болгон күч-кубатын фронтко жана оорукка жумшагандардын эрдиги, кайраты тууралуу баяндайт", — деди Чернышов долбоордун башталышы боюнча айтып берип жатканда.
Депутат Улуу Ата Мекендик согушка катышкан өлкөлөрдүн баш калаасында "Жеңиш 9-45" долбоорунун алкагында бардык муундарды бириктирген ири фестиваль өтөрүн билдирди. Улуу муундар кийинкилерге аталарынын, чоң аталарынын эрдиктери тууралуу айтып беришерин кошумчалады.
Кызыл армиянын жана серб партизандарынын эрдигин эскерген автожүрүш уюштурулат. Ал тарыхый окуя болгон жерден башталат да, фашисттик баскынчылыкка түп көтөрө каршы турган элдин масштабдуу каармандыгы тууралуу патриоттук фильмге негиз болуп бермекчи.