БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Европа мамлекеттеринин Украинага карата стратегиясы АКШнын Киевди сүйлөшүүгө отургузууга умтулушунан улам өзгөрүп баратат. Бул туурасында Politico басылмасы жазганын РИА Новости маалымдады.
"АКШнын Украинага мамилеси өзгөрүп, айныксыз колдоодон күчтүү билек менен Киевди сүйлөшүү столуна отургузууга өтүү убадасынан кийин Европанын стратегиясы да башкача болуп бара жатат", — деп жазды басылма.
Politico жаңы стратегия 14-16-февралда өтчү коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясында так, даана көрүнөрүн белгилеген. Маалымат булагы билдиргендей, АКШ жана Украина конференциянын алдында коопсуздуктун узак мөөнөттүү кепилдигин талкуулашкан. Анда европалыктар бере албаган курал-жарак, спутник сындуу чалгын каражаттары тууралуу сөз болгон.
"Бул жолугушуу АКШ жана анын союздаштары Украинаны канча керек болсо да колдойт деген Байдендин доорунан кетип жаткан учурду бекемдеди", — деп жазды басылма.
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн чырга түз аралаштырып жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италияда аскер кадрларын даярдап да жаңжалга түз аралашууда.
Буга чейин Semafor порталы Батыштын аткаминерлерине шилтеме кылып, АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Вашингтондун союздаштарына кармашты аягына чыгаруу боюнча бир нече вариант иштеп чыкканын жана аны президентке берүүгө даяр экендигин айткан.
Россия президенти Владимир Путин РФтин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Украинадагы кармашты жөнгө салуу үчүн күч топтоп куралданып алып, андан ары согушуу максатындагы кыска мөөнөттүк тыныгуу эмес, узакка созулган тынчтык керектигин белгилеген. Анын айтымында, РФ россиялыктардын кызыкчылыгы үчүн күрөштү улантат, атайын операциянын да маани-маңызы ушунда. Украинадагы тынчтык "ошол аймакта жашаган бардык элдин мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоого" негизделип орношу керек.
Ал эми Америка президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский Украинадагы согушту жөнгө салуу үчүн келишимге даяр экендигин айтып, кандай шартта буга макул болорун так билдирген эмес. АКШ лидери Путин менен сүйлөшүү "өтө жакынкы убакта" болорун кошумчалаган.