Швыдкой: Россияда кыргыздарга каршы маанай жаралышы мүмкүн эмес

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Россияда миграция көйгөйүнүн татаалдыгына карабастан, кыргыздарга каршы маанай жаралышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу РФ президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маегинде эки өлкө бардык пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү экенин белгиледи.
"Кыргызстандагы кесиптештер — бул биздин достор. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолукканда келечек тууралуу баарлашканбыз. Ошондой эле биз чече албай турган маселе жок экенин белгилегенбиз. Миграция көйгөйүнүн татаалдыгына карабастан, Россияда кыргыздарга каршы маанай жаралган жок жана жаралышы да мүмкүн эмес", — деди Швыдкой.
Ал мамиле курууда саясий кызматташуу гана эмес, бизнес, маданият жана билим берүү тармагындагы адамдардын ортосундагы байланыш да маанилүү экенин кошумчалады.
Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов Россия президентинин атайын өкүлү менен жолугушту