Путин Трамп менен узакка сүйлөштү. Эмне тууралуу кеп болду

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен бир жарым сааттай сүйлөшкөнүн Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
Эки президент Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, Ирандын өзөктүк программасын, Россия менен АКШнын жарандарын алмашууну, экономика тармагындагы россия-америка мамилелерин, мындан аркы байланыштарды талкуулаган.
Путин америкалык аткаминерлерди Россияда, анын ичинде Украина темасы боюнча да кабыл алууга даяр экенин билдирди
Россия президенти АКШ лидерин Москвага сапар менен келүүгө чакырган.
Өз кезегинде АКШнын президенти америка тарап бардык келишимдерди аткарарын айткан. Ал кесиптеши Путин менен сүйлөшүү өтө жемиштүү болду деп билдирген.
Трамп АКШнын мамкатчысына, ЦРУнун директоруна, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисине, андан сырткары, Украина боюнча атайын өкүлү Стив Уиткоффко Украина боюнча сүйлөшүү процесстерин баштоого тапшырма бергенин айткан.
Песков сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Путин Украинадагы атайын операциянын башталышынын баштапкы себептерин жоюу тууралуу айтканын белгиледи.
"Баалайбыз". Трамп Путинге ыраазылык билдирди