БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик органдарга жумушка орношуу үчүн кадрлардын резерви жетиштүү топтолду. Бул тууралуу Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Ал белгилегендей, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы бир топ жогорулады.
"Бүгүнкү күндө эч ким жумушунан айрылгысы келбейт, анткени мамлекеттик кызматкердин айлыгы күнүмдүк чыгымдарын жабууга мүмкүнчүлүк берет. Мугалимдердин, саламаттыкты сактоо тармагынын жана министрликтин катардагы кызматкерлеринин айлыктарын көтөрдүк. Бул өз жемишин берип, кадрлардын сыртка агылышы токтоду. Мурда адамдар мамлекеттик кызматтагы ишин таштап чет өлкөгө кетишсе, азыр кайра кайтып жатышат", — деди Осмонов.