БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ош шаарында экологиялык мейманкана пайда болот. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фонд аны салууга 60 миллион сом каржы бөлөт.
Имаратка күн панелдери орнотулуп, жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо үчүн геотермалдык энергия колдонулары айтылды.
"Мейманкананын аянты 2 300 чарчы метрди түзүп, анда 43 номер болот. Өзгөчөлүгү — курулушта жашыл технологиялардын колдонулушу", — деди фонддун төрагасы Артем Новиков.