Ошто үйүнө чейин кирип келип үч кишини карактап кеткендер кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ошто үйүнө чейин келип үч кишини тоноп кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 7-февралда болжол менен таңкы саат 05:00дөр чамасында болгон.
"Ош шаарында 19, 30, 36 жаштагы жарандардын Курманжан датка көчөсүндөгү батирине белгисиз үч адам кирип келген. Алар үйдөгүлөрдү бычак менен коркутуп, сабап, баасы 8 миң сомдук кол саатын, iPhone 13 pro, Redmi үлгүсүндөгү телефондорун жана 28 миң сом накталай акчасын карактап кетишкен", — деп айтылат маалыматта.
Иш козголуп, 22 жана эки 21 жаштагы жаран колго түшүрүлүп, эки айга камалганы кошумчаланды.
УКМК 10 миң доллар пара алды деген тергөөчүнү кармаганын кабарлады