БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бажы кызматынын айып короосунда армян, абхаз номерлүү 900дөй машина турат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Арсланбек Эгембердиев оң рулдуу унаалар кандай учурда айып короого токтотуларын сурады.
"Бул Бажы кызматынын компетенциясына кирет. Рейд учурунда Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери эреже бузган унааны токтотуп берет. Бажы кызматкерлери документтерди текшерип, протокол түзүп, унааларды өздөрүнүн айып короосуна киргизишет. Ал эми биздин кызматкерлер мындай ишти өз алдынча жүргүзө албайт. Учурда Бажы кызматынын айып короосунда 900дөй унаа (абхаз, армян номерлүү — ред.) токтоп турат. Алар боюнча бажычылар иш жүргүзүүдө", — деди Урмамбетов.
Ал эми Эгембердиев бул айдоочуларды айып короонун төлөмдөрүнөн бошотууну суранды. Антпесе күнүнө 300-500 сомдон топтолуп отуруп, автоунааны мыйзамдаштырганга чейин чоң сумма чыгып кетерин белгиледи.