БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын №72 мектебинде токмоктолгон бала каза болуп калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова билдирди.
Анын айтымында, эл өкүлүнө маркумдун атасы кайрылып, тиешелүү органдарга окуя тууралуу маалыматты жеткирип коюуну өтүнгөн.
"21-январда №72 мектептин ажатканасында 8-класстын окуучусу чоң класстагы балдардан токмок жеп, жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Мектеп жетекчилиги менен милиция окуяга кайдыгер карап, видеокөзөмөлдү өчүрүп салышкан", — деди Нарматова.
Милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалганын билдирди. Анын жыйынтыгы менен процессуалдык (юридикалык) чечим кабыл алынат.