Ооруканадагы өрттөн өспүрүм менен ымыркай көз жумган. Кылмыш иши козголду

Ооруканада тамчылатма менен баланын колу. Иллюстративдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кардиология институтунан чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи май райондук ичшки иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш өрт коопсуздугун бузуу беренеси менен тергелмекчи. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун бирөө 16 жаштагы өспүрүм, экинчиси ымыркай (1 жаш 7 ай) экенин кабарлады.
Өрт учурунда башка ооруканаларга жайгаштырылган бейтаптардын ичинен эки баланын абалы өтө оор экени белгиленди.
Ошондой эле түтүнгө ууланган 9 адамдын жетөө медик, экөө бейтаптарды карагандар экени кошумчаланды.
Белгилей кетсек, кечээ саат 21.00дөрдө Бишкектеги Кардиохирургия илим-изилдөө институтунда өрт чыккан. Жалын саат 23:15те толук өчүрүлүп, 260 адам (216сы бейтап, 44ү дарыгер) эвакуацияланган.
Жүрөк хирургиясы институтунда өрт чыгып, бейтаптар эвакуацияланды
Жүрөк хирургиясы институтунда өрт чыгып, бейтаптар эвакуацияланды. Видео