Депутаттар мектептен жол эрежесин окутуп, айдоочулук күбөлүк берүүнү сунушташты

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ош шаарынын тургуну бир жарым жылдан бери айдоочулук күбөлүк ала албай, атасы талаптарды жеңилдетүүнү өтүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Бекмурза Эргешов билдирди.
Ал мыйзам баарына бирдей экенин жана айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин жакшы билиши керектигин эскертти. Депутат бул маселени чечүү үчүн мектептерде жол эрежелерин окутууну сунуштады.
"Жогорку класстын окуучулары айына же жумасына бир жолу автомектептерге барып, жол эрежелерин үйрөнүшсө жакшы болмок. Анткени көпчүлүк окуучулар айдоочу болууну кыялданат. Эске салайын, жол кырсыктарынын көбү жол эрежелерин билбегендиктен болуп жатат", — деди Эргешов.
Кесиптешинин сөзүн депутат Жаныбек Кыдыкбаев коштоп, 11-классты бүткөндө айдоочулук күбөлүк берүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарылдыгын белгиледи.
"Жол эрежелерин мектептен 10-11-класста, эки жыл окутуу керек. Азыр заман талабы ошондой болуп калды, кенедей балдар деле машинаны жакшы билип калышты. 11-класстан айдоочулук күбөлүк алгысы келгендерге ыктыярдуу кылып койсо болот", — деди Кыдыкбаев.
Депутат: Бишкектин №72 мектебинде токмоктолгон бала каза болуп калган