БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бир катар райондук ички иштер бөлүмдөрүндө кадрдык алмашуулар болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ротация райондук бөлүмдөрдүн ишин жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн.
ИИМ башчысынын буйругуна ылайык, төмөнкү РИИБ жетекчилери алмашты:
Биринчи май РИИБинин жетекчиси Тилек Тукебаев Свердлов райондук милициясын башкармай болду;
Чүй облустук ИИБ башчысынын орун басары Эрназар Дуйшекеев Биринчи май райондук ИИБинин башчысы болуп дайындалды;
Сокулук РИИБин жетектеген Талант Аттокуров Октябрь РИИБине келди;
Мурда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгын жетектеген Уланбек Алиев Сокулук РИИБине барды;
Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси Жумгалбек Абиев Москва райондук ИИБди жетектейт;
Ош ИИБдин башчысы Акылбек Бекишов Ысык-Көл районунун ИИБинин башчысы болуп дайындалды.