БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Биринчи май РИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милициянын капитаны Т.Н. 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.
"8-февралда Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган милиция кызматкери УКМКнын тергөө абагына камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмышка тиешеси барларды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.