Токмоктон Кара-Балтага чейинки темир жолдун боюна кичи райондорду куруу сунушталды

Турак жай комплексин куруу иштери. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Бишкек, Токмок жана Кара-Балтаны байланыштырган темир жолдун боюна кичи райондорду курууну сунуштады.
Анын айтымында, бул борбор калаадагы ыш, тыгын жана турак жай ижарасынын кымбатчылыгы боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк түзөт.
"Кара-Балтаны, Токмокту көздөй темир жолубуз бар, ал жерге жакын кичи райондор курулса тургундар поезд менен Бишкекке жарым саатта келип, кечинде кетип калмак. Жер бөлүп, кичи райондорду салсак ушул үч маселени чечмекпиз", — деди Абакиров.
Депутат министрлер кабинети менен мэрияга кайрылып, бул багытта долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк же МИК механизми аркылуу ишке ашырууну сунуштады.
Практикалык экзамендерди өткөрүү үчүн окуу унаасы. Архив
Депутаттар мектептен жол эрежесин окутуп, айдоочулук күбөлүк берүүнү сунушташты