Суук чучукка жетип, аптап төбөдөн өткөн шартта курулган Байкоңур. Тарыхый видео

70 жыл мурда Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР) Казакстандын Байкоңур айылынын жанына космодром салууну чечкен.
Sputnik
Казакстандагы талаа кантип жылдыздуу жайга айлангандыгын окурмандарга айтып бермекчибиз.
Курулушту бош жаткан жерден башташкан, тагыраагы, 1955-жылы жылаңач талаа эле. Болгону аймактан темир жол өткөн. Космодром татаал шарттарда түптөлгөн. Кышында куруучулар аяздан сактаныш үчүн тоңгон жерди жардырып кирип, чуңкурду ылымта кылышкан. Жай мезгилинде ысык шамал коштогон аптап +50 градуска жетип турган. Космонавттар шаарчасын куруу оңойго турган эмес.
Азап менен түптөлгөн бул жерде дүйнөлүк деңгээлдеги ири иштер жасала баштаган. Дал ушу Байкоңурдан Жердин биринчи жасалма жандоочусун жүктөгөн Р-7 ракетасы кое берилген. 1961-жылы Юрий Гагарин космоско учкан.
...1994-жылы СССР урагандан кийин Казакстан Байкоңурду Россияга 20 жылга киреге берген. 2004-жылы президенттер Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев космодромдун ижара акысын 2050-жылга чейин узарткан келишимге кол койгон.
Азыр Россия Восточный деп аталган дагы бир ири космодромун курду, бирок бул — Россия Байкоңурдан кетет дегендик эмес.