БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлерине кар жаап, туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +1…+6 , Талас өрөөнүндө 0…+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1…+6, Ысык-Көл аймагында +2…+7, Нарын жеринде -4…+1 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +2…+4, Ош шаарында +3…+5 градусту көрсөтөт.