Эгер сөздүктөрдү алып карасак, кыргыз тилинин кору болжол менен 70 миң сөздү түзөт. Кирбей калган сөздөр менен 100 миң болсун дейли, илимпоздорубуз 120 миңдей деп айтып жүрүшөт. Жай турмушта адамдар мунун 5000дейин гана колдонушат. Адабий тилдин нормаларын өзгөртүү керекпи? Диалектилер тилди байытууда кандай мааниге ээ? Тилдин кору көбөйсө сапаты да жакшырабы?
Биз мына ушул жана башка суроолордун алкагында “Кеменгер” программасында маектештик.