Жөө жүргүнчүлөрдү айыпка жыгуу жол кырсыгын азайтабы? - Жолдогу кырсыктарды кантип алдын алса болот?

Sputnik
Өлкө аймагында «Жөө жүргүнчү» аталышында рейд өттү. Иш-чара ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында уюштурулган. Рейд учурунда жолду ой-келди кесип өткөн, жолго чуркап чыккан, тосмолордон ашкан жөө жүргүнчүлөрдү аныктоо иштери жүргөн. Ошондой эле жөө өтмөктөн жөө адамдарга жол бошотуп бербеген айдоочуларга көзөмөл күчөтүлүп, жоопкерчиликтери каралган.
Бүгүнкү “Ачык кеп” программасынын алкагында рейддин жыйынтыгы жана жол кырсыктарын азйтуу багытында жүрүп жаткан иштер тууралуу сүйлөштүк. Биздин суроолорубузга Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу жооп берди.