Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси өзгөчө оорунун алдын алуу, диагноз коюу жана дарылоо учурунда маанилүү. Ал операциялар, лабораториялык текшерүүлөр, дары-дармектер жана башка кызматтар үчүн чыгымдарды азайтууга жардам берет. Быйыл полистин баасы 1840 сомду түзөт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин өлкөдө жашап, иштеп жаткан чет өлкөлүк жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары да алуу укугуна ээ. Чет өлкөлүк жарандар үчүн ММК полисинин орточо баасы жылына 11 миңден ашык сомду түзсө, ЕАЭБ жарандары 1 840 сом төлөм жүргүзөрүн ММК фондунун медициналык камсыздандыруу программаларынын ишке ашыруу башкармалыктын башчысы Жыпаргуль Азизбекова маалымдады