2025-жыл Кыргызстанда "Эл аралык диалог, кызматташтык жана коопсуздук" ураанынын алдында өтүп, ар түрдүү маанилүү иш-чараларга бай болот. Бул жылы Кыргызстан 3 уюмга, алардын катарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык кылат. Бүгүнкү “Күн башат” программасынын алкагында Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгы, анын алкагында өтө турган иш-чаралар жана уюмдун максаты, милдеттери тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга КР куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысынын орун басары Кумарбек Калматаев жана КР куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын Башкы оперативдик башкармалыгынын башчысынын орун басары Алайбек Шаныяев жооп берди.