Жүрөк хирургиясы институтунда өрт чыгып, бейтаптар эвакуацияланды. Видео

Жүрөк хирургиясы институтунда өрт чыгып, бейтаптар эвакуацияланды
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Улуттук кардиология жана терапия борборунда өрт чыгып, саат 22:33тө чектөөгө алынганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өрттү өчүрүүгө саат 21:07де жалпысынан алты күжүрмөн эсеп, эки автошаты тартылган. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. 15тей бейтап эвакуацияланган. ӨКМ учурда өрт толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди.
Саламаттык сактоо министрлиги өрт Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтунан чыкканын, ал жактагы бейтаптар Улуттук кардиология борборуна, ошондой эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна эвакуацияланганын кошумчалады.

"Учурда жандандыруу бөлүмүндө төрт бала жана эки чоң киши жатат, калганы профилдик бөлүмдөргө жайгаштырылды", — дешти министрликтен.

Кырсык болгон жерде министр Эркин Чечейбаев эвакуация, меджардам көрсөтүү иштерин көзөмөлдөөдө.
Ал арада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев окуяны өз көзөмөлүнө алып, институттун ишин калыбына келтирүү үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырганы айтылды.
Ак-Ордо конушундагы турак үйдөн чыккан өрт
Бишкектин Ак-Ордо конушунда турак үйдөн өрт чыгып, 58 жаштагы киши каза болду