Депутат мыйзамсыз курулушка уруксат бергендердин жоопкерчилигин кароону сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов мыйзамсыз курулуштарга уруксат бергендердин жоопкерчилигин кароо керектигин айтты.
Ал белгилегендей, Ош жана Бишкекте мыйзамсыз курулуштар бузулууда, бирок ага уруксат бергендердин жоопкерчилиги каралбай калууда.
"Ошко жаңы мэр барып, ишин баштады. Бирок шаардагы курулуштардын көпчүлүгү мыйзамсыз экени аныкталууда. Демек, буга чейинки мэрлер такыр иштеген эмеспи? Бишкекте да мыйзамсыз делген чакан күркөлөр бузулуп, чоң имараттар ошол боюнча калып кетти. Ушундай тандалма мамиле болуп жатат. Бардык мыйзамсыз иштерди териштирип, аларга жооптуу адамдарды жоопко тартуу маселеси көтөрүлбөй жатат. Ошту таңкы бештен тарта кыдырып (мэр. — ред) жатат. Барган жеринин баарында мыйзамсыз курулуш. Ишкерлерге "буз" десе эле кыштын күнүндө даңкылдатып бузуп жатышат. Мындай кагазым бар, ошону бергендерден сура деген киши жок", — деди депутат.
Маселе Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин кийинки жыйынында карала турган болду.
Эске салсак, Ош шаарында кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттар түрттүрүлүп жатат. Тийиштүү тапшырманы мэр Жеңишбек Токторбаев берген.
Бишкекте турак жайдын чарчы метри 4 миң долларга чейин жеткени айтылды