БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстанда сот арачылар институтун киргизүүнү 10 жылга жылдыруу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетте дароо үч окууда каралып, колдоо тапты.
Документте сунуш аталган институттун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, аны ишке ашыруу үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү, анын ичинде каржылоо булактарын аныктоо жана тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү максатында жасалганы айтылган.
Ошондой эле мыйзам 2025-жылдын 1-январынан күчүнө кириши керектиги белгиленген.
Эске салсак, учурдагы мыйзам боюнча, бул институт 2025-жылдан баштап ишке киргизилмек.