Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Польша Украинадагы чырдан кийин оорулуу согушкерлердин агымынан кооптонууда

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Польша украин жаңжалы аягына чыккан соң Украина Куралдуу күчтөрүнүн психикалык жактан жабыркаган согушкерлери каптап келерине даяр болушу керек. Бул тууралуу Wirtualna Polska порталына маек куруп жатып аскердик психиатр Радослав Творус айтканын РИА Новости кабарлады.
Анын айтымында, бул жоокерлер коомчулук үчүн бир топ көйгөй жаратат.
"Аскердик жаңжал аяктагандан кийин Польшага саламаттыгы маселе жараткан украиналыктар көп келет. Аскердик кагылышуудан кийинки стерсстен тышкары алар ыңгайлашууда кыйналып, психоз, депрессия менен жабыркашы мүмкүн. Ар кандай көз карандылык пайда болушу ыктымал. Мунун баары — фронттон кайткандарга мүнөздүү көрүнүш", — деген Творус.
Дарыгер психикалык көйгөйлөргө "аскердик аракеттер күчөтүп жиберген" өнөкөт оорулар да кошулушу мүмкүн экенин белгилеген. Анын айтымында, мындай көрүнүш Польшага эле эмес, бүтүндөй Евробиримдикке да кесепетин тийгизет, себеби кечээ жакында эле согушка катышкан адамдагы өзгөрүүлөр башында дээрлик байкалбайт.
"Аскер адамынан оорунун белгилери көрүнбөсө, аны куландан соо деп айтууга болбойт. Андай эмес", — деген психиатр.
Буга чейин inPoland порталы Польшадагы украиналыктар жапырт Германияга кетип жатканын жазган. Маалыматта өлкөдө украиналык качкындардын саны 983 миң кишиге чейин азайганын, 2022-жылы көрсөткүч 1,3 миллиондон ашып келгени айтылат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова Зеленскийдин 18 жаштагыларды Куралдуу күчтөргө тартуу амалы тууралуу