MCN Coin: Финкөзөмөлдүн экс-жетекчиси Юруслан Тойчубеков кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубеков кармалды. Бул тууралуу бизге маалымат булактарыбыз билдирди.
Ага ылайык, Тойчубеков MCN Coin иши боюнча кармалган.
Буга чейин MCN Coin уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбеков "криптовалютаны" үч адам түзүп, Юруслан Тойчубеков аларга кеп-кеңешин берип тургандыгын билдирген. Ал жалпы жонунан 2,5 миллион доллар пайда тапканын айткан.
Кечээ "криптовалютага" акчасын салып алдангандардын 898ине 1 миллион 700 миң доллар кайтарылганын ИИМден билдиришти.
MCN Coin криптовалютасы: Исрадин Субанбеков менен шериги камакка алынды