Өлкөдө ислам принциптери менен камсыздандырууну киргизүү пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстанда ислам принциптери менен камсыздандырууну киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Марат Пирназаров "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, бул норманы киргизүү камсыздандыруу боюнча сунушталып жаткан мыйзамдарда каралган.
"Ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү лицензиясынын негизинде ислам принциптери менен камсыздандырууну киргизүү каралууда. Өлкөдө көпчүлүк жарандар ислам динин тутуп, буга суроо-талап бар", — деди Пирназаров.
Ошондой эле ал бөлүп төлөөгө мүмкүндүк берген аннуитеттик камсыздандырууга укуктук база түзүү максатталып жатканын белгиледи.
ОСАГО полиси жокторго айып салууну дагы жарым жылга жылдыруу пландалууда