Орунтаев жетектеген Мамкурулуш агенттиги министрлик болуп түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги министрлик болуп түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Максаты — архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарын натыйжалуу өнүктүрүү.
Мамкурулушту жетектеп келген Нурдан Орунтаев министрдин милдетин аткарып калды.
БШКнын төрайымы Шайлдабекова иштен кетип, жаңы жетекчи шайланды