Радио

Өлкөдө балдардын 59-90%ы стоматологиялык жардамга муктаж

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ортопедиялык стоматология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору Абибилла Калбаев Кыргызстанда тиш ооруларына байланыштуу кайрылгандардын саны абдан көп экенин айтты.
Sputnik
2024-жылдын маалыматы боюнча, өлкөдө лицензиясы бар 804 жеке менчик стоматологиялык эмкана катталган. Бул тууралуу Абибилла Калбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө балдардын 59-90 пайызы стоматологиялык жардам алууга муктаж.
"Стоматология — медицинанын абдан чоң тармагы. Стоматологиялык жардамга муктаждык абдан жогору. Бүгүнкү күндө республикада өз алдынча иштеген 11 стоматологиялык эмкана бар. 2024-жылдын маалыматы боюнча, өлкөдө лицензиясы бар 804 жеке менчик тиш клиникасы катталган. Өлкөдө балдардын дээрлик 59-90 пайызы стоматологиялык жардам алууга муктаж. Ал эми өспүрүмдөрдө жана бойго жеткен курактагылар арасында бул көрсөткүч андан да көп", — деди Калбаев.
Ошондой эле ал мектептерде стоматологиялык бөлмөлөрдү жандандырып, санын көбөйтүүгө көңүл буруу керектигин кошумчалады.