ЖОЖ жана колледждерде ваучердик каржылоо системасы сыналат

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында ваучердик каржылоо механизми сыналат. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Механизм 2025-2026-окуу жылында ишке ашырылып, Баткен облусунан башка аймактарда педагогикалык адистиктер боюнча жүргүзүлөт.
Билим берүү жана илим министрлигине 2026-жылдын 1-сентябрына чейин пилоттук апробациянын жыйынтыгын чыгарып, президенттик администрацияга сунуштарды берүү тапшырылды.
Ошондой эле абитуриенттерди кабыл алуу системасын ваучерлерди кабыл алууга ылайыкташтыруу сунушталган.
Ваучердик система — "окуучунун артынан акча ээрчиген" каржылоо принциби. Башкача айтканда, мамлекет каражатты билим берүү мекемесине эмес, ар бир окуучуга бөлөт. Ата-энелер окуу жайды тандап, Билим берүү министрлигинен атайын эсепке акча (ваучер) алышат. Ошол каражатты окуу жайга которушат. Ата-энелер каражатты накталай чыгарып же башка муктаждыктарга жумшай албайт.
Депутат: бүтүрүүчүлөр 11-класста тапшырылчу экзамендерди жоюуну суранышууда