ЕАЭБден товар ташыгандарга салыктын 20 пайызын алдын ала төлөтүү сунушталды

Жүк ташуучу унаалар өткөрүү пунктунда. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Экономика жана коммерция министри ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар ташып келгендерге салыктын 20 пайызын алдын ала төлөтүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, каражат салык органынын депозиттик эсебине салынат.
"Мамлекеттик чек арадан өткөнгө чейин салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуу товарды көмүскө жүгүртүүнү кыскартууга, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө, ошондой эле тобокелдик критерийлерге туура келген субъектилерден салык милдеттенмелерин кепилдөөгө мүмкүндүк берет. Бул дайыны жок компанияларга жана банкрот болгон, жоюлган компанияларга документ тариздөөнү жокко чыгарат", — деп жазылган негиздемеде.
Ошондой эле мындай чара ЕАЭБдеги өз ара соодада товарлардын жүгүртүлүшүн жакшыраак көзөмөлдөөгө мүмкүндүк бере турганы кошумчаланган.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн желектерин жанында протоколдун мүчөсү. Архив
Статком: Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар айлантуусу 8,5%га өстү