Дене тарбия жана спорт департаменти өзүнчө агенттик болду

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Дене тарбия жана спорт департаменти эми Маданият министрлигине карабайт, ал өзүнчө Дене тарбия жана спорт агенттиги болуп өзгөрдү.
Тиешелүү жарлыкка президент кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады.

"Өз алдынча мамлекеттик органды түзүү аталган тармакты натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктарды жана ресурстарды топтоштурууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, программаларды, спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүнү камсыз кылат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкөнүн кызыкчылыктарын эл аралык талаптарга ылайык көрсөтүүгө шарт түзүлөрү кошумчаланды.
Орунтаев жетектеген Мамкурулуш агенттиги министрлик болуп түзүлдү