БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Россия Батыштын Түштүк Кавказды геосаясий каршылашуунун аренасына айлантуу планын четке кагат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине курган маегинде РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин билдирди.
Анын айтымында, регион Россия үчүн артыкчылыктуу аймак болуп саналат.
"Приоритетте турган регионду башаламандыктан калкалоо үчүн колубуздан келген аракеттин баарын көрөбүз. Аймакты кызматташуунун, өнүгүүнүн чордонуна айлантуу ниетибиз бар. Бул — Россиянын түпкү максаты", — деген Галузин.