Жыл соңуна чейин 4,5 млрд. сомдук техниканы лизингге берүү пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жыл соңуна чейин дыйкандарга 4,5 миллиард сомго 1200дөн ашык техниканы лизингге берүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2011-жылдан бери 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникалары берилүүдө.
"Мамлекеттин колдоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлору аркылуу бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 18,2 миллиард сомго 7 118 техника дыйкандарга берилди. Анын ичинен 2025-жылдын январь айында 402,8 миллион сомго 84 техника берилген. Ошондой эле 2025-жылы жалпы лизинг долбоорлору боюнча дыйкандарга 4,5 миллиард сомго 1200дөн ашык техника берүү пландалууда", — деп айтылган маалыматта.
Айыл чарба техникалары 6 пайыз менен жети жылдык мөөнөткө банктар аркылуу лизингге берилип жатканы кошумчаланды.
Радио
Айыл чарба техникасынын паркы жаңылана баштады