Бишкекте Чыңгыз Айтматов тууралуу уникалдуу тасма көрсөтүлдү. Видео

Балдар жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору балдар үчүн Чыңгыз Айтматов тууралуу алгачкы даректүү тасманы көрсөттү.
Sputnik
Фильмдин жүрүшүндө жаш изилдөөчүлөр "Ак кеме" повестинин сырларын ачышты. Тасманы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин журналистика жана массалык коммуникациялар жогорку мектебинин 2-курсунун магистранты Амина Күрөңкеева тарткан. Долбоорго жазуучунун жакын туугандары — карындашы Роза Айтматова жана уулу Элдар Айтматов катышкан.
Ошондой эле "Ак кеменин сырлары" тасмасында Чыңгыз Айтматовду жакындан тааныган КРСУнун профессору Леонид Сумароков менен "Ак кеме" тасмасынын оператору Манасбек Мусаев жазуучу тууралуу айтып беришкен.
Фильм Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун колдоосу менен көрсөтүлгөн.
Тема боюнча:
Пекиндин тил жана маданият университетинде Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулду