Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Европа Украинага курал-жаракты арбын сатып берсе дейт

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы европалык союздаштарын Украинага америкалык куралдарды көбүрөөк сатып беришине түрткөн кадамды пландап жатат. Бул туурасында Рейтер агенттиги билдиргенин РИА Новости жазды.
"Трамптын администрациясы европалык союздаштарын америкалык өндүрүштөн чыккан курал-жаракты Украинага көп сатып беришин шарттаган план түзүп жатат", — деп айтылат макалада.
Агенттиктин кабарына таянсак, бул кадам Украинанын сүйлөшүү позициясын жакшыртышы мүмкүн. Маалымат булактары аткаминерлер (анын ичинде Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог) коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясы учурунда европалык союздаштарынын курал алып берүүсүн талкуулай турганын айтышкан.
Келлог маектешүү учурунда мурдагы президент Жозеф Байдендин убагында Киевге курал берүү жактырылгандыгын жана бүгүнкү күндө да жеткирилип жатканын тастыктаган.
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн чырга түз аралаштырып жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италияда аскер кадрларын даярдап да жаңжалга түз аралашууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШ Украинага курал-жарак жөнөтүүнү жандантты