Согуштан аман келгениме сүйүнөм

Sputnik
1989-жылы 15 февралда советтик 40-армия Афганистандан толугу менен чыгып кеткен. 9 жыл бир ай 18 күнгө созулган согушта 7 миңден ашуун кыргызстандык жоокер кан кечип салгылашкан.
Бүгүнкү берүүбүздө афган согушунун ардагери Эркинбек Мусаев менен маектешибиз. Ал бул согушта 66-мото аткычтар бригадасынын катарында салгылашкан. Мусаев Афганистандагы кандуу тирешүү жөнүндө айтып берди.